Turmush — Бакыт Кыдыралиев бүгүн, 29-февраль күнү Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, президенттин жарлыгына ылайык ишке ашып жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Талас районундагы 13 айыл аймак ирилештирилип, 5 айыл аймак түзүлдү. Бекмолдо жана Осмонкулов айыл аймактары бириктирилип, Сасык-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Шумкар-Уя айыл аймагы түзүлгөн.
Бакыт Кыдыралиев Бекмолдо айыл аймагынын башчысы болуп 2023-жылдын сентябрь айында дайындалган. Бекмолдо айыл аймагы өлкөдөгү эң бай айыл өкмөттөрдүн бири болуп саналчу. Анын аймагында алтын кен иштетилет.
- Бекмолдо айыл аймагы Талас облусунун түндүк чыгышында жайгашкан. Түштүк-батыш жагынан Өмүралиев айыл аймагы, түндүк-чыгыш тарабынан И.Осмонкулов айыл аймагы менен чектешет. Облустун борборунан 45 км, райондун борборунан 52 км алыста турат. Деңиз деңгээлинен 1064 метр бийикте. Бекмолдо айыл аймагында 2022-жылдын 1-январына карата калктын саны 6345 адамды, түтүндүн саны 1177 болгон.
2022-жылдын 9-айында Бекмолдо айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү бардык салыктардын түшүшү боюнча белгиленген план 117 млн 125 миң 300 болсо, иш жүзүндө 171 млн 795 миң 541 сомдук төлөмдөр өндүрүлгөн.