Turmush — Асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүп, мол түшүм берүүчү картошканын пикассо сортун өстүргөн Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүнүн Биринчи май айылынын 56 жаштагы тургуну, фермер Сапарбек Кулболдуев жылына 1,5 миллион сомго жакын таза киреше табууда.
Анын жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.
«Деңиз деңгээлинин 2 миң чакырымдан ашуун бийиктикте жайгашкан Суусамыр өрөөнүндө жашап, эмгектенип келем. Албетте, биздин өрөөндүн жашоочуларынын басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Көп жылдан бери үй-бүлөм менен фермерликти өздөштүрүүдөбүз. Уй, гиссар кочкорлорун, жылкы жана башка малдарды багабыз. Ошондой эле дыйканчылыкта пикассо сортундагы картошка өстүрөбүз. Андан гектарынан 45 тоннага чейин түшүм алууга болот. Үстүбүздөгү жылы аба ырайына байланыштуу орточо түшүм алдым. Тактап айтканда, гектарынан 35 тонна картошка өстүрдүм. Анын килограммын 23 сомдон сатып жатам. Буюрса картошкадан эле 500 миң сом таза киреше түшөт. Ал эми арпа, буудай өстүрүп, малдарга тоют даярдап жана башка түрдүү жумуштарга жумшалган чыгашадан сырткары буюрса 1,5 милллион сом таза киреше табам. Бул эмгек мандай терден, күнү-түндүр тынымсыз эмгектен жаралат десем болот», - деди Биринчи май айылынын тургуну Сапарбек.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...