Turmush — Өскөмбаев Искендер Эралиевич Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Аталган кызматта буга чейин Мунара Мамаджанова эмгектенип жаткан. Ал декреттик өргүүгө чыкты.
Искендер Өскөмбаев бул кызматка дайындалганга чейин Бишкектеги Ленин райондук финансы башкармалыгында казына бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Ошондой эле Бишкек мэриясында башкы адис, Сокулук райондук администрациясында аппарат жетекчи болуп иштеген.
Ал 1990-жылы 19-апрелде Москва районундагы Александровка айыл аймагына караштуу Беш-Көрүк айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
Резюмесин окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.