Turmush — Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын 29 жаштагы тургуну Акылбек Жолоев устачылык менен алектенүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Акылбек Жолоев мектепти бүткөндөн кийин Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейге тапшырып, 3 жыл билм алып, жыгач устачылыкты үйрөнгөн. Окууны 2012-жылы аяктап, ошол мезгилден бери устачылык менен алек.
«Апам Кара-Ой айылында ооруканага жетпей калып, бооз үйдө төрөлгөм. Ал төрөргө убактысы келип калганда толготуп, ооруканага жетишпей калыптыр. Анан чоң апам төрөтүп, атам киндигимди кесиптир. Илгерки адамдар кыйын болушкан, эч нерседен коркушкан эмес», - дейт ал.
Уста жыгачтан баарын жасайт аларын айтат. Ал тепкичтерди 200 миң сомдон 500 миң сомго чейин жасайт.
Ал үй-бүлөлүү, бир уул жана бир кыздын атасы.
«Бош убактымда ат минип, көк бөрү ойнойм. Азыркы учурга чейин көк бөрү ойнойп, көп жерлерге барып келем. Келечекте чоң цех ачып, эч ким жасай элек буюмдарды жасагым келет. Жумушумду ар дайым сүйүп иштейм», - деди ал.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...