Turmush — Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айыл аймагында 7 жол чырак орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалым болгондой, жол чырак орнотуу иштери жүргөн жерлерде мурда жол чырак болгон эмес.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 817 миң сом бөлүнүп, Алмата көчөсүнө 4 жана муниципалдык жолдорго 3 жол чырак коюлду. Баары теӊ күндүн нуру менен кубатталат.