Turmush — Кечээ, 9-майда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында жаӊы курулган кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-май — Жеңиш күнүнө карата айыл аймакта Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү жана эстеликке гүл коюу иш-чарасы уюштурулду. Аталган иш-чарадан соң Новопавловка айылындагы №2 мектептин аянтында жергиликтүү бюджеттен каржыланып курулган футбол аянтчасы ачылды.
Футбол аянтчанын курулуш иши 2022-жылдын ноябрь айында башталган.