Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айыл аймагынын Станция Ивановка айылында карапа такта (кафель) жана керамогранит өндүрүү заводунун пайдубалына капсула салуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Алмазбек Осмонов, айыл аксакалдары, айыл өкмөт башчысы жана айылдык кеңештин депутаттары катышты.
Ишке кирүүчү долбоордун жалпы баасы 34,7 миллион долларды түзүп, 500 жумушчу оруну менен камсыздайт. Жылына 20 млн сом республикалык бюджетке салык түшөт. Өндүрүш товары — карапа такталардын 50 пайызы экспортко жөнөтүлөт. Ишкана план боюнча бир жылда 3 млн чарчы метр керамогранит чыгарат.