Turmush — Жалал-Абад облустук статистика башкармалыгынын жетекчиси болуп Ислам Масабиров дайындалды. Тиешелүү буйрукка Улуттук статистика комитетинин төрагасы 2022-жылдын 30-декабрында кол койгон.
Жаңы жетекчи жамаатка 9-январь күнү тааныштырылды. Аталган башкармалыкта 20дан ашык кызматкер эмгектенет. Башкармалыкты Жандаралы Садыралиев 13 жыл жетектеди.
Ал эми жаңы жетекчи Ислам Масабиров президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы болуп иштеп келген.
- Ал 1978-жылы 25-апрелде Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында туулган. Буга чейин Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп эмгектеген.
Эмгек жолун окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.