Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жыл мыктылары тандалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жаштар тарабынан «Жыл мыктылары-2022» иш-чарасы уюштурулуп, ага акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев, ардагерлер Жайлообай Абдиев, Букен Турдубекова, жаштардын төрагасы Бекжан Шаршеналиев жана жаштар катышты.
Жаштардын курамынан турган комиссиянын аныктоосу менен ар кыл тармакта эмгектенген жаштарга «Жылдын мыктысы» номинациясы жана символикалык статуэткалар тапшырылды.
Мындын тышкары жергиликтүү бийликтин сыйлыктары тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө комузчу Чынболот Эсенгулов, төкмө акын Нурсултан Иманбеков, ырчы Чынара Түркмөнова, Айдай Токторбекова жана «Камбаркан» бий тобу тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.
- «Жылдын мыкты журналисти» номинациясы менен Turmush.kg басылмасынын кабарчысы Адилет Сагыналиев;
- «Жылдын мыкты жаш мамлекеттик кызматкери» номинациясы менен райондук статистика бөлүмүнүн адиси Нестан Сыдыкбекова;
- «Жылдын мыкты жаш муниципалдык кызматкери» номинациясы менен Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн соцадиси Кадырбек Эсенаманов;
- «Жылдын мыкты жаш мугалими» номинациясы менен Чолок-Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин физика мугалими Оңолбек Орособек уулу.