Turmush — Гүлнур Баякунова Ысык-Көл облустук медиа борборунун башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Буга чейин ал Ысык-Көл райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенип келген.
Ал эми Ысык-Көл медиа борборунун мурдагы жетекчиси Канатбек Матмуратов башка кызматка дайындалганы маалым болду.
Баякунова Гүлнур Мукамбетовна 31-июлда 1977-жылы туулган. Кесиби боюнча орус тили жана адабият мугалими. Мугалимдик кесиптие 12 жыл, маданият тармагында 6 жыл, мамлекеттик кызматта 10 жыл эмгектенген.
Макала менен таанышуу жана башка жабык материалдарга толук мүмкүнчүлүк алуу үчүн Turmush басылмасына катталыңыз.