Turmush — Кочкор райондук маданият бөлүмүнө жетекчи болуп Салтанат Чоргоева дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Тиешелүү буйрукка Эрмекбай Омошев кол койду.
Бүгүн, 16-ноябрда жаңы жетекчини жааматка акимдин орун басары Самат Асаналиев тааныштырды.
Буга чейин Чоргоева Кочкор айыл өкмөтүндө жооптуу катчы болуп иштеп келген.