Turmush — Талас шаарында учурда көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер жана жер тамдар канча сомдон сатылып жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы бул боюнча маалымат топтоду.
Талас шаарынын тургуну Мырзайым Жолдошбекова өзүнүн 2 бөлмөлүү батирин сатыкка койгон. Ал батири үчүн 23 миң доллар (азыркы курс менен 1 млн 920 миң 401 сом) сурап жатат.
«Мен өзүмдүн 2 бөлмөлүү үйүмдү былтыр күзүндө 18 миң долларга алгам. Бир катар оңдоп-түздөөдөн өткөрүп, учурда 23 миң доллар деп баалап жатам.
Былтыр тамдар быйылкыга салыштырмалуу арзан болчу. Мындан дагы кымбат сатылат. Мен жашаган көп кабаттуу үйдө жылуулук системасы жок. Андан тышкары 4-кабатта жайгашкан. Ал эми биздин үйдүн 1-кабатындагы ушул эле батир үчүн 28 миң доллар (азыркы курс менен 2 млн 337 миң 879 сом) сурап жатат», - деди ал.
- Талас шаарында кыймылсыз мүлктөр көбүнчө долларга сатылат
Талас шаарынын 43 жаштагы тургуну Эмир Конушбаев шаардын борбордук бөлүгүндөгү үйүн жаңы эле саткан. 1992-жылы курулган 5 бөлмөлүү үйүн (4 сотых жери менен) 25 миң долларга (азыркы курс менен 2 млн 873 миң 92 сом) сатты.
«Үйүм абдан жаңы эмес. Бирок бизнеске ылайыктуу болгондуктан, эскилигине карабай 25 миң долларга алышты. Менин кошуналарымдын 5-6 жыл курулган 2 кабаттуу үйү 55 миң долларга (азыркы курс менен 4 млн 592 миң 263 сом) өттү. Бул көчөдө үйлөрдү жеке ишкерлик кылууга, дүкөн ачууга көп алышат», - деди ал.
Бакай-Ата районунун 24 жаштагы тургуну Сезим Нурбекова социалдык тармакта алып сатуу баракчасын алып барат. Ал өзүнүн баракчасында учурдагы сатыкка чыккан үйлөрдү жайгаштырып, сатууга көмөк көрсөтөрүн айтты.
«Мен инстаграмда 1,5 жылдан бери байма-бай алып иш алып барам. 30 миңден ашык катталуучу көрөт. Баары таластыктар десем жаңылышпайм. Мени эч ким тааныбайт деле. Болгону кичине бирдик жүктөшүп, реклама жөнөтүшөт.
Менин байкоомо караганда, былтыркы жылга салыштырмалуу тамдардын баасы өстү. Көбүнчө көп кабаттуу үйлөр абдан кымбат. Акыркы эле сатыкка чыккан 3-бөлмөлүү батир экен. 2-кабатта жайгашат деп берди. Ремонту менен 35 миң доллар (азыркы курс менен 2 млн 922 миң 349 сом) сурап жатат. Бул Талас үчүн абдан эле кымбат деп калдым. Жер тамдагы чоң үйлөр 25 миң доллардан (азыркы курс менен 2 млн 873 миң 92 сом) 40 миң долларга (азыркы курс менен 3 млн 339 миң 828 сом) чейин сатышат», - деди ал.
- Таластын тургуну ипотекага 3 бөлмөлүү батирди кантип алганын жана батирлердин баасы жөнүндө биздин сайтка катталуу менен окуй аласыз.