Turmush — Абиев Жумгалбек Жүрсүнович Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 12-августта ички иштер министри кол койду.
Ал буга чейин Каракол шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп келген.
Жумгалбек Абиев 1978-жылы 31-январда туулган.
Резюмеси маалыматтын жабык бөлүгүндө.