Turmush — Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Алтынбек Жапаров дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, жаңы жетекчини район акими Мунарбек Насиров жамаатка таныштырды. Ал 2010-жылдан бери Каракол шаарынын Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын директору болуп иштеп келген.
Жапаров Алтынбек Дүйшеевич 1977-жылдын 16-февралында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Чырак айылында туулган. Үй-бүлөөлү, 2 кыз жана 1 уулдун атасы.
1995-2000-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ыссык–Кѳл мамлекеттик университетитинин табигый географиялык факультетине тапшырып, география мугалими адистигин алган.