Turmush — Бүгүн, 12-майда Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Парханов Абдишүкүр Курбанбаевич дайындалды. Бул маалыматты райондук администрациядан тастыкташты.
- Ал буга чейин муниципалдык кадрлар резервине кирген.
Абдишүкүр Парханов 1970-жылы 5-январда Ош облусунун Араван районунда туулган. Ал буга чейин экономист, башкы эсепчи, бөлүм башчы, прокуратурада коомдук жардамчы, Ош шаардык мэриясында адис болуп иштеген.
- Буга чейин Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүн Рузалиев Нодирбек Зокиржонович жетектеп келген. Ал облустук коллегиядагы сунуштун негизинде кызматынан бошотулган.
Ушул жылы 28-апрелде Ош шаарында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Министрлер кабинетинен келген өкүлдөр, акимдер, айыл өкмөт башчылары катышкан коллегиялык жыйын өткөн. Анда 12 айыл өкмөттүн башчыларынын кызмат абалын кароо сунушталган. Алардын арасында Нодирбек Рузалиев да бар болгон.