Turmush — Жалал-Абад облсунун Аксы районундагы Кербен шаарына Нурбек Козубаев мэр болуп дайындалды.
Turmush басылмасына маалым болгондой, ал бул кызматка 30-апрелде аким Замир Сыдыковдун буйругу менен дайындалып, ошол эле күнү жамаатка тааныштырылган.
Козубаев Нурбек Козубаевич 1976-жылы 26-октябрда Аксы районунун Жерге-Тал айылында туулган. Ал буга чейин окутуучу, декандын орун басары, колледждин директору, айылдык кеңештин депутаты болуп иштеген.