Turmush — Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары болуп Асаналиев Самат Асаналиевич дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
С.Асаналиевди Кочкор районунун активине президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Жылдызбек Беккелдиев тааныштырды.
Жаңы жетекчи буга чейин Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору болуп иштеп келген. Кесиби боюнча экономист, юрист.