Turmush — Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Койгелдиев Мирлан Радикович дайындалды.
Мирлан Койгелдиев 1982-жылы 20-сентябрда Балыкчы шаарында туулган. Ал буга чейин социалдык кызматкер, жетектөөчү адис, салыкчы, бөлүм башчы болуп эмгектенген.
Буга чейинки айыл өкмөт башчысы Кыдыралиева Майрамкүл Асыпбековна прокуратуранын сунушунун негизинде 16-мартта кызматтан алынды. Ал бул кызматка ушул жылы февраль айынын башында дайындалган болчу.
АКИpress'тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)
Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек:
info@akipress.org
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.