Turmush — Жапаров Маматысак Абдухалилович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы болуп дайындалды. Аны бүгүн, 22-февралда жамаатка Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков тааныштырды, деп билдирди аймактык кабарчы.
Район жетекчисинин айтымында, Маматысак Жапаров 2019-жылдан ушул мезгилге чейин Аксы райондук өнүктүрүү фондунда иштеп келген.
«Аталган айыл аймактын мурдагы башчысы Талант Эркиновго элдин нааразычылыгы күч болгондуктан, анын кызмат орду карала турганын айткам. Ал жыл башында эмгек өргүүсүнө чыгып, жумуштан бошотуу тууралуу арызын жазган болчу. Жаңы айыл өкмөт башчы көп жылдар бою бухгалтер болуп, экономика тармагында эмгектенген. Бул кызматка келгенге чейин Аксы райондук өнүктүрүү фондун жетектеп келди», - деди аким З.Сыдыков.
Маматысак Жапаров 1965-жылы 18-майда Аксы району Кош-Дөбө айыл аймагынын Торук айылында туулган.
- Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин түштүк аймактык башкармалыгынын маалыматы боюнча, ушул жылдын 24-январында муниципалдык кадрлар резервине кирген талапкерлердин сынагынын 3-туру болуп, андан райондук маанидеги шаарлардын мэри кызматына 18, анын орун басарлары кызматына 21, ал эми айыл өкмөт башчысы кызматына 42 талапкер сынактан өткөн.