Turmush — Ысык-Көл районунун Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Бейшембиев Фархад Кожокматович дайындалды. Тиешелүү буйрукка аким Калыбек Жумадылов кол койду.
Буга чейин айыл өкмөттүн башчысы болуп Руслан Эсенгулов эмгектенип келген. Ал Ысык-Көл райондук администрациясынын башчысынын орун басары кызматына дайындалган.
- Тамчы айыл өкмөтүнүн карамагында Тамчы, Чырпыкты, Кош-Көл айылдары бар.
Бейшембиев Фархад Кожокматович 1981-жылы 13-октябрда Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөлүү, бир уул, үч кыздын атасы. Буга чейин аталган айыл өкмөттө каржы бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.