Turmush — Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын тургуну Болотбек Ахмедов уяң жүндүү койлорду багып жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Фермердин айтымында, бала кезинен эле малга жакын өскөн.
«Буга чейин короодо жөнөкөй койлор бар болчу. Ошолорду багып, оокат кылып келгенбиз. Өткөн жылы уяң жүндүү меринос койлорду багууну ойлонуп, бизнес долбоор жазып, 1,5 млн сомго 140 баш кой алдым. Ар бири 10 миң 500 сомдон айланды. Койлорду эки фермерден алдым. Мындай койлор Түптүн Балбай айылында жана Ак-Суунун Тегизчил айылында бар экен. Алар менен сүйлөшүп алдым. Бул жылдын жазы менен төл берип баштайт», - дейт ал.
Фермердин чарбасы жана меринос тукумундагы койлордун артыкчылыгы тууралуу Turmush басылмасына катталуу менен окуңуз.