Turmush — Кадамжай районуна караштуу Кыргыз-Кыштак айыл аймагында сокмо дубал куруп иштегендер күнүнө 2 миң сомдон ашык маяна табышат. Аймактык кабарчы алардын иши менен таанышып кайтты.
Буйрутма менен сокмо дубал курган топтун жетекчиси Жолдошбай Ганиевдин айтымында, иш оор.
«Күн сайын бир нече метр сокмо дубал тургузуу үчүн биринчи ылай даярдоо керек. Андан кийин сокмо дубал 40-50 жылга чейин урабай турушу үчүн пайдубалын таш менен тизип чыгып, калыптар орнотулуп, андан соң анчалык ийленбеген ылай төшөлөт. Ылай атайын темирден жасалган оор аспаптар менен согулуп, бекемделет. Бекемдөөдө оор аспап менен көп жолу согулса, дубал жаан-чачында эзилип кетпей бекем болот», - деди ал.
Усталар узуну жана бийиктиги 2 метр сокмо дубалды 900 сомдон тургузушат.